Памир Асанов ИИМ башчысынын орун басарлыгынан кетти. Ордуна ким келди

Памир Асанов 2019-жылдын 13-августунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ордуна келген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов кызматтан кетип, ордуна Эркебек Аширходжаев келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Памир Асанов ИИМ башчысынын орун басарлыгынан кетти. Ордуна ким келди

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Памир Асанов 2019-жылдын 13-августунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ордуна келген.