Сурак берип чыккан Абылгазиев өлкөдөн сыртка чыкпай турганын айтты

Финпол экс-премьерге Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганын кабарлап, эгер ал чет өлкөгө чыгууга аракет кылса, кармала турганын жарыялаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сурак берип чыкты.

Ал кайсы иш боюнча суракка алынганын журналисттерге айткан жок.

"Тергөөнүн сырын ачпоо боюнча тил кат жазып бердим, буга байланыштуу сиздерге маалымат бере албайм", — деди Абылгазиев.

Ал болгону суракка күбө катары чакырылганын белгиледи. Экс-премьер учурда жумушу жок жүргөнүн жана үй-бүлөсү менен Кыргызстанда эле болорун кошумчалады.

Буга чейин Финпол экс-премьер Кыргызстандан сыртка чыгууга аракет кылса кармала турганын жарыялаган болчу.