Мексикалык реслер оюн учурунда жүрөгү кармап мерт болду. Видео

26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулап жан берген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мексикалык реслер, "Үлпүлдөк ханзаада" каймана аты бар Луис Анхель Салазар рингде оюн учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулаган. Оюндун катышуучулары аны кезектеги аракеттерди жасап жатат деп ойлоп, беттешти уланта беришкен.

Нокауттан комага түшүп калган боксчу каза болду

Рингдеги калыс муну байкап калып, дароо оюнду токтоткон. Заматта келген тез жардам тобу да Салазардын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Промоушен жана бул жааттагы кесиптештери спортчунун үй-бүлөсүнө көңүл айтышкан.

Реслинг — театралдаштырылган спорттук шоу.