БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет депутат Курманкул Зулушевдин Башкы прокурорлукка талапкерлигин бир добуштан колдоду.
Буга чейин мурдагы Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов отставкага кеткен эле. Жогорку Кеңеш анын отставкасын кабыл алып, кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
ЖКда айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиев көрсөтүлдү
Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актап чыгарган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.