Парламент Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып бекитти

Буга чейин мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, Жогорку Кеңештин депутаттары анын отставкасын кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды. 84 депутат макул десе, бир эл өкүлү каршы деген добушун берди.

Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, Жогорку Кеңештин депутаттары анын отставкасын кабыл алган.

Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи

Эми Зулушев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жарлыкка кол койгондон кийин расмий түрдө кызматка киришет.

Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актаган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.