Коронавирустан соңку суткада дагы 5 киши каза тапты

Акыркы эки аптадан ашык убакыттан бери Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар күн сайын каттала баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кечээтен бери коронавирустан дагы беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан.

Ушуну менен жаздан бери Кыргызстанда аталган вирустан өлгөндөрдүн саны 1 118ге жетти.

Ал эми бир суткада 549 кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.