Башкаруу формасын аныктайлы! Депутат Кыдыралиев референдум өткөрүүнү сунуштады

Депутат мамлекеттик түзүлүштө башаламандык болуп жатканын айтып, референдум өткөрүүнү сунуштоодо. Бирок буга башка кесиптештери каршы чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады.

Анын пикиринде, учурда мамлекеттик башкаруу чаржайыт болуп жатат.

"Мен 6-октябрдан бери референдум өткөрүшүбүз керек деп айтып келе жатам. Себеби мамлекеттик түзүлүштө башаламандык жаралды. Ошон үчүн азыр 32-өкмөт иштеп жатат, президент эч нерсеге жооп бербейт. Бирок ал иш жүзүндө баарын башкарып жатат. Буга байланыштуу референдум өткөрүп башкаруу формасын аныктап алышыбыз керек", — деди Кыдыралиев.

Кесиптешинин мындай пикирине Каныбек Иманалиев караманча каршы чыкты. Анын айтымында, референдумду үч субьект демилгелей алат. Биринчиси — президент, бирок президенттин милдетин аткаруучунун буга укугу жок. Экинчиси — ЖКнын 80 депутатынын макулдугу, үчүнчүсү — элден 300 миң кол чогултуу.

"Азыр референдумга негиз болчу конституциялык долбоор жок. Ал парламентке келип каралып, кайра бир айдан кийин келгенче алты ай өтөт. Азыр референдум өткөрүүгө эч кандай негиз жок. Шайлоодон кийин борбордук аянтка чыккан эл референдум кылгыла деген жок. Ансыз деле тарыхта 8 жолу референдум болду. 2010-жылды эске албаганда, баары президенттин укугун кеңейтүү үчүн болду. Эч качан карапайым элдин укугу үчүн жасалган жок. Дагы бир чоң катачылык кетирбейли", — деди Иманалиев.

Ал эми эл өкүлү Наталья Никитенко референдум өткөрүү процесси өтө татаал экенин белгилеп, элдин ишениминен кеткен парламент чукул арада референдум өткөрүүгө акысы жок экенин айтты.

Умбеталы Кыдыралиев кайра микрофонго чыгып парламенттин кадыры түшкөнү боюнча ким айтып жатса, ошол депутат түшүргөнүн билдирди. Ошону менен катар референдум өткөрүү үчүн 3 миллион адам кол топтоп бере турганын белгиледи.