Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

Аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik.Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө "КР өкмөтү жөнүндө", КР конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 1-4-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта. 

Памир Асанов ИИМ башчысынын орун басарлыгынан кетти. Ордуна ким келди

Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.