БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынан кененирээк маалымат берилген жок. Ал эми ИИМ бул окуя боюнча үн ката элек.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта "милиционерлер процессуалдык укугу жок туруп БШК мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылып жатышат" деп жазылган.

"Бул мыйзамга каршы көрүнүш, БШКнын ишине тоскоолдук жаратпайбы? Ушул тапта тергөөчүлөр кошумча милиция чакырышты",— дешти БШКдан.

Башка маалымат берилген жок. Ал эми ИИМ бул окуя боюнча үн ката элек.