"Манас" аэропортун кайрадан ЖК депутаты Бактыбек Сыдыков жетектемей болду

Бактыбек Сыдыков "Республика — Ата-Журт" партиясы менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип иштеп жаткан. Ал буга чейин да "Манас" аэропортун башкарган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы болуп Бактыбек Сыдыков дайындалды. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мурдагы жетекчи Мурат Примбердиев өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырып кеткен.

Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды

Сыдыков "Республика — Ата-Журт" партиясы менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип иштеп жаткан. Ал буга чейин да "Манас" аэропортун башкарган. Ошондой эле ал Курманбек Бакиевдин президенттик аппаратын жетектеген саясатчы Үсөн Сыдыковдун уулу.