БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме
ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, Орозалиевдин ордуна Октябрь Урманбетов келди.
Алмазбек Орозалиев министрликтен кетип, ордуна Урманбетов дайындалды
© Фото / пресс-служба МВД КР
Орозалиев ички иштер министринин орун басары болуп 2015-жылдан тарта иштеп келе жаткан. Быйыл Бишкекке эки ирет өзгөчө абал киргизилгенде комендант болгон.