УКМК: Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөрдүн жанынан уурдалган акча, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак сыяктуу далил буюмдар алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Шектүүлөр кечээ, 19-октябрда, УКМК менен милициянын террордук уюмдардын жашыруун түзүмдөрүн жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган. Алар Кыргызстандын жарандары Б.О. жана Э.К. болуп чыгышты.

УКМК: Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Такталгандай, кармалган адамдар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып 400 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кетишкен.

Бишкекте элди террордук уюмга азгырган чет элдик кармалды. Сүрөт

Жанынан уурдалган акча каражаты, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылды.

"Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн талап-тоноочулукту уюштуруу максатында Кыргызстандын аймагына келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициянын тергөө камак жайына киргизилди. Иликтөө уланууда.