Нурмагомедов менен Гэтжинин маалымат жыйын өткөрчү күнү айтылды

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык спортчу Жастин Гэтжи менен болуучу титулдук беттешинин алдындагы маалымат жыйындын күнүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Маалым болгондой, мушкерлер менен суроо-жооп жыйыны 21-октябрда, шаршемби күнгө, белгиленген. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. Ал UFC уюмуна караштуу бардык маалымат ресурстарда түз эфирде акысыз көрсөтүлөт.