Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Көп өтпөй Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жар салып, аны милдети Түлеевге жүктөлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып, аталган кызматка баргысы келбегенин айтты.

Эске салсак, бүгүн, 20-октябрда, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Көп өтпөй Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жар салып, аны милдети Түлеевге жүктөлдү.

Суракматов Түлеевди биринчи вице-мэрлик кызматка кыйынчылык менен көндүргөнүн айткан. Ал эми Нариман Түлеев кайрадан муниципалитетте иштегиси келбей турганын билдирген.

"Чынын айтсам, бул кызматка баргым келген эмес. Азиз Эмилбекович көндүрдү. Азыр пандемия, экономикалык каатчылык, оор мезгил… Бул учурда ал шаарга кризис-менеджер керек деди. Маселени түнкү 12де карап, чечтик. Андан кийин макул болуп, ушул жерде отуруп калдым", — деди Түлеев.

Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты

Белгилей кетсек, ал мэрияны 2008-жылдан 2010-жылга чейин да жетектеген.