БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына берген маегинде мамлекеттик кызматтарга дайындоолор боюнча өзүнчө кеп салган.
Анын айтымында, 30 жыл бою министрликтердеги акчалуу орундар сатылып келген.
Садыр Жапаров аны криминал колдоп жатат деген кептерге жооп берди
"Ар бир кызматтын ставкасы бар. Алар буга көнүп алышкан. Менин кызматка келгениме 10 күн дагы боло элек, бирок уулума телефон чалып, кайсы бир кызмат оруну үчүн 300 миң доллар сунуштагандар болду. Айрымдары 50 миң доллар беребиз дешкен. Биз мындай көрүнүштөрдү жоюп, таза мамлекет түзгөнү жатабыз. Көптөр кайра эле кызмат орундарын сатып алабыз деп ойлоп жатышат. Бирок мындай экинчи кайталанбайт", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле коррупциялык схемалардын бардыгын изилдеп чыкканын белгилеген.
"Өлкөдөгү коррупциялык схемаларды изилдесем барып эле Ак үйгө такалып жатат. Алар бизнесмендер жана министрликтер менен биргеликте бюджеттин акчасын уурдашкан. Мен мындай схемаларды толук билдим. Эми алардын бардыгын жок кыла баштайм. Буга көп деле убакыт кетпейт. Эки айдан кийин жыйынтыгын көрөсүздөр. Биз сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз", — деди ал.
Жапаров интервьюда Кыргызстандын келечеги, кадрдык система, коррупция менен күрөш боюнча дагы кеп козгогон.