Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 

2013-жылы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду райондук сот күнөөлүү деп тапкан. Бирок кийин саясатчыларды шаардык сот актаган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Медербек Сатыев президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кол койгон.

Медербек Сатыев 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Ал жана экинчи судья Курманкул Зулушев бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп айыпталган, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган. Кийинчерээк эки судья тең "кылмыш ишин кароодо Кылмыш-процессуалдык кодексин бузган” деп иштен алынган.

Өзүбүз чакырганбыз. Жапаров Жээнбековдун отставкага кантип кеткенин айтты

Эске салсак, 2012-жылдын 3-октябрында оппозициялык “Ата-Журт” партиясынын депутаттары "Ала-Тоо" аянтында Кумтөр алтын кени боюнча митинг өткөрүшкөн. Анда Ташиев Ак үйдүн дарбазасынан секирип өтүүгө аракет жасаган. Натыйжада Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп шектелишкен. 2013-жылы райондук сот саясатчыларды айыптуу деп тапса, шаардык сот актаган. Бирок кийин Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.