Баткенде көп. Бир суткада 384 кишиден коронавирус чыкты

Жалпысынан алганда 52 910 кишиден коронавирус аныкталса, 46 139 бейтап дартты жеңген. Тилекке каршы, бир суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, каза болгондордун саны 1 113 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 384 кишиден коронавирус табылып, 276 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 42;
  • Ош – 67;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 57;
  • Баткен облусу – 118.

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

Айыккандар:

  • Бишкек – 37;
  • Ош шаары – 20;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 52;
  • Баткен облусу – 54.

Жалпысынан алганда 52 910 кишиден коронавирус аныкталса, 46 139 бейтап дартты жеңген. Тилекке каршы, бир суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, каза болгондордун саны 1 113 болду.

Азыркы тапта 2 690 бейтап стационарларда, ал эми 2 481 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.