Сокулукта жол тыгын. Милиция айланып өтчү жолдорду сунуштады

Чүй милициясы Бишкек — Ош жолуна багыт алган айдоочуларга альтернативдүү жол менен жүрүүнү сунуштоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Чүй облусунун аймагындагы Бишкек — Ош жолунда оңдоо иштери уланып жатат. Буга байланыштуу Сокулук районунун 19-чакырымынан 26-чакырымга чейинки, тагыраагы, Шопоков шаарынан Сокулук айылындагы мал базарга чейинки бөлүгүндө унаа тыгыны жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Чүй ЖКККБдан билдиришти.

Буга байланыштуу Бишкек — Ош жолуна багыт алган айдоочуларга альтернативдүү жол менен жүрүү сунушталат.

"Сокулук айылынын борборунан Шалта, Кызыл-Туу, Күн-Туу жана Селекция айылдары аркылуу өтүп, Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн башталышына жетип алса болот. Айланма жолдун узундугу 23-24 чакырым", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бишкек шаарынын батыш тарабына кеткендер оңдолуп жаткан жолду Маловодное, Шалта айылдары аркылуу айланып өтүп, Сокулук айылынын борборуна жетсе болот.