Нариман Түлеев Бишкек мэриясын жетектемей болду

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары борбор калаанын мэри болуп иштеген. Бүгүн эртең менен ал биринчи вице-мэр болуп дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткармай болду.

Эске салсак, бүгүн, 20-октябрда, Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Кийинчерээк Суракматов мэрлик кызматтан кетип жатканын билдирген. Буга байланыштуу мэрдин милдетин Түлеев аткармай болду.

Белгилей кетсек, мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Талапкерлерди фракциялар менен көпчүлүк коалиция, ошондой эле премьер-министр сунуштай алат.

Түлеевдин иши

Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутатына 2012-жылы коррупция боюнча кине тагылган. Кылмыш иши Кытайдан автобустарды сатып алууда, ошондой эле 200 миллион сомдук муниципалдык облигация чыгарууда мыйзамсыз аракеттерден улам козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган. Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом кайтарып берип, 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан.