Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт

Адистин айтымында, коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. COVID-19 кыш келип, күндүн суукташы менен басаңдайт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев "Известия" басылмасына билдирди.

"Коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт. Келерки жазда дагы бир жайылып барып анан жоголот деп божомолдоп жатабыз. Бирок жазда азыркыдай күчтүү болбойт", — деди Пальцев.

Адис учурда коронавирус өтө күчөп турган чагы экенин эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, иммунитетти бекемдөө сыяктуу эрежелерди сактоого чакырат.