Жапаров ИИМ министри Ниязбеков менен коомдук коопсуздукту талкуулады

Жолугушууда кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды күтүп жатканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда министр коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, миңден ашуун милиция кызматкери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөттө турганын белгиледи.

Элдик кошуундун өкүлдөрү дагы деле милиция менен иштешип жатат

Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды күтүп жаткандыгын белгиледи.

"Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек", — деди Жапаров.

Жолугушуунун соңунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр алдыда жасалуучу реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрлик алдына бир катар тапшырмаларды койду.