Элдик кошуундун өкүлдөрү дагы деле милиция менен иштешип жатат

Ички иштер органдарынын кызматкерлери элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте өлкө ичиндеги тартипти көзөмөлдөп жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы кырдаал туруктуу, аймак укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция Ысык-Көлдөгү ишкерлерден акча талап кылгандарга эскертүү берди

Маалыматка караганда, кечээ, 18-октябрь күнү, республика боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 107 кылмыш каттоого алынган. Учурда ар бири боюнча тыкыр иликтөө жүрүп жатат.

ИИМден ички иштер органдарынын кызматкерлери элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартипти сактоо үчүн профилактикалык иштерди аткарып жатканын белгилешти.