Шейшембиге карата аба ырайы

Шейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 20-октябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +12...+17 градус болору айтылды.

Абанын температурасы борборубуз Бишкекте +22...+24 жана Ош шаарында +24...+26 градуска жетет.