Жапаров Абдыгуловго финансы рыногун жөнгө салуу боюнча тапшырма берди

Өлкөнүн башкы банкынын жетекчиси валюта рыногундагы абал жана макроэкономикалык жагдайлар тууралуу маалымат берген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Абдыгуловго финансы рыногун жөнгө салуу боюнча тапшырма берди

Жолугушууда Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономика, банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын иштери, ошондой эле валюта рыногундагы абал тууралуу маалымат берди.

"Садыр Жапаров Улуттук банкка улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу чараларын кабыл алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.

Доллар эмнеге кымбаттап жатат? Улуттук банк түшүндүрмө берди

Мындан тышкары, калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустун кесепеттерин жайгаруу боюнча маселелер талкууланды.