Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты

Азыркы Баш мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катышууга укугу жок. Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин анын милдетин Садыр Жапаров аткарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров эгер мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, азыркы Баш мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткарып жаткан киши шайлоого катыша албайт.

"Учурда парламент президент менен парламентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үстүндө иштеп жатат. Эгер ошол өзгөртүүлөрдүн негизинде мыйзам уруксат берсе, шайлоого катышам", — деди Жапаров "Россия 24" телеканалына.

Ал ошондой эле бул маселе боюнча чечим чыга электигине байланыштуу азыр бир нерсе деп айтуу эрте экенин кошумчалаган.