Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Досалы Эсеналиев жетектечү. Өткөн жумада ал президенттин аппаратынан кетип, Мамлекеттик кадр кызматына директор болуп дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Досалы Эсеналиев жетектечү. Өткөн жумада ал президенттин аппаратынан кетип, Мамлекеттик кадр кызматына директор болуп дайындалган. Бирок бүгүн, 19-октябрда, өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Эсеналиев жаңы кызматтан да бошотулду.