Жалал-Абад облусуна жаңы башчы дайындалды

Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалал-Абад облусуна жаңы башчы дайындалды

Сыргабаев буга чейин Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген.

Аны жамаат менен бүгүн тааныштырышат.