Жакшы кабар. Өткөн суткада COVID-19дан өлгөндөр болгон жок

Эске салсак, акыркы жолу 6-октябрь күнү өлүм катталган эмес. Ошондон бери күн сайын 2-5 адамдын каза болгону айтылып келген. Мисалы, кечээ үч бейтап каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өткөн суткада коронавируска кабылгандардын арасында өлүм катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, акыркы жолу 6-октябрь күнү өлүм катталган эмес. Ошондон бери күн сайын 2-5 адамдын каза болгону айтылып келген. Мисалы, кечээ үч бейтап каза тапкан.

Кыргызстанга COVID-19 келгенден бери, пневмонияны эске алганда, каза болгондордун жалпы саны 1 111 адамды түздү.