Бир нече мамлекеттик мекемелердин сайттарына чабуул болду. Тизме

Бир нече убакытка айрым министрлик жана комитеттердин сайттары ачылбай калды. Бирок көп өтпөй акырындан кайра калыбына келе баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бир нече мамлекеттик сайттарга хаккердик чабуул болуп, убактылуу иштен чыгып калды.

Бир саамга Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайттары иштебей калып, эми акырындык менен кайра ачыла баштады.

Биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин сайты иштен чыккандыгы тууралуу айтылган.