Кыргызстандын балын 20дан ашык мамлекет таткан. Тизме

Ушул жылдын сегиз айында дээрлик 250 тонна бал сатылган. Кыргызстандын таттуу азыгы жыйырмадан ашык өлкөгө экспорттолду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкө 249,5 тонна бал сатканын Улуттук статистика комитети билдирди.

Жалпысынан даамдуу азык 905 миң долларга, ал эми сом менен 68,3 миллионго сатылган.

Кризис учурунда ЕАЭБден кайсы товарлардын экспорту өскөнү айтылды

Өлкө боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Андорра — 18,9 тонна (андан кийинкилер дагы тонна менен);
  • Бахрейн — 1;
  • Германия — 0,1;
  • Индия — 0,2;
  • Иордания — 0,1;
  • Казакстан — 0,7;
  • Катар —7,1;
  • Кытай — 73,8;
  • Кувейт — 26;
  • Малайзия — 3,5;
  • Аныкталбаган өлкө — 0,1;
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 27,7;
  • Оман — 2,8;
  • Корея — 10,3;
  • Россия — 2,8;
  • АКШ — 8,8;
  • Сауд Аравиясы — 34,3;
  • Сингапур — 0,1;
  • Улуу Британия — 0,5;
  • Тайвань — 9,9;
  • Өзбекстан —3,5;
  • Франция — 7,4;
  • Япония — 9,9.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 235,6 тонна бал сатылып, 1,1 миллион доллардан ашык каражатка бааланган.