БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча коронавирусту дарылаган стационарлардын картасынжарыялады. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, картада ооруканалардын даректери, байланыш номерлери, бош жана бош эмес орундардын саны көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, медициналык жардам көрсөткөн ак халатчандардын жана жасалма дем алдыруучу аппараттардын саны дагы бар.
COVID: Бишкектеги ооруканаларда 68 бош орун бар. Тизме
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны өлкөдө 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап айыгып чыккан. Тилекке каршы, оору 1 111 адамдын өмүрүн алды.