БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 68 бош орун бар экенин билдирди.
Маалымат 19-октябрь саат 8:00гө карата берилген.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 9;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 21;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 17;
- Темир жол ооруканасы — 19;
Кыргызстанда коронавирустан дагы үч киши каза тапты
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны өлкөдө 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап айыгып чыккан.