Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Россиялык спортчу ушул дем алышта Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашып, наамын үчүнчү ирет коргомокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону, россиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык каршылашы Жастин Гэтжинин беттеш алдындагы проморолиги жарыяланды.

Видеону социалдык тармакка Абсолюттук мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт алып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dana White (@danawhite)

Промороликте эки мушкердин буга чейинки кармаштарынын эң кызуу жерлери — жеңишке сүйрөгөн укмуштуудай спорттук ыкмалары, нокауттары көрсөтүлөт. Ошондой эле алдыда боло турчу беттешке машыгуулары чагылдырылган. 

Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Анда россиялык мушкер наамын үчүнчү ирет коргомокчу.