Телефон номерден акча которуунун кооптуулугун юрист айтып берди

Юрист шылуундар бирөөнүн номерин кайрадан каттатып алуу менен акчаны шыпырып кетерин айтып, мындай учурда укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Телефон номер аркылуу акча которуунун кооптуулугу тууралуу "Прайм" агенттигине Urvista юридикалык компаниясынын башкы директору Алексей Петропольский айтып берди.

"Биринчи кезекте жарандар уюлдук телефондон акча которууда сандардан ката кетирип алышы мүмкүн, каражат башка жакка түшүп калат. Кайра аны кайтарып алуу дагы оңой иш эмес, себеби акча бат которулуп кетет", — деп айтылат маалыматта.

Адис белгилегендей, эгерде ката кетирип алсаңыз, банкка кат жазуу зарыл. Ал жактагылар туура эмес акча которуулар жөнүндө маалыматты эсептин ээсине жөнөтөт.

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

Кырдаал андан дагы татаалдашып, каражат түшүп калган киши аны кайтарып бергиси келбесе, укук коргоо органдарына же сотко кайрылганга туура келет.

Ошондой эле телефон номер байланыштырылган банк банкротко учурап, лицензиясы жокко чыгарылып же кардар андагы эсебин жапкан учурлар болушу мүмкүн.

"Акча эсептен чыгарылганы менен сиз жиберген адам аны албайт. Муну банктан тактоо керек. Бирок каражат кайтарылат деген кепилдик жок. Эсепти жаап салса деле болот, бирок акчаларды алуу үчүн банк менен байланышта болуу керек", — деген Петропольский.

Андан сырткары, шылуундар бирөөнүн номерин кайрадан каттатып алуу менен акчаны шыпырып кетерин кошумчалаган. Бул көйгөйдү укук коргоо органдары аркылуу гана чечүү мүмкүн.