Жарымын шылып кеткендей. Россияда үйдүн жер алдына түшүп кеткен видеосу

Брянск облусунун (Россия) Злынков районунда жер көчүп, кадимки эле үйдүн жарымы 7 метр тереңдикке түшүп кеткен. Бул тууралуу РФ ӨКМинин аталган аймак боюнча сайтында маалымдалган.
Sputnik

Алар чуңкурдун диаметри 10 метрге чукул экендигин айтышкан.

Бул тууралуу видео жарыяланды.

Кадрдан кадимки эле үйдүн жарымы чуңкурга түшүп кеткенин көрүүгө болот. Оюк бир топ кенен болгондуктан, үйдүн урандылары анын түбүндө эле калган. Кырсыктаган жерге келген куткаруучулардын тамдын жыгачтарын жана урандыларын чуңкурдун сыртына алып чыгып жатканы видеого түшүп калган.

Россияда эң ири чуңкур табылды. Асмандан тартылган видео

Маалыматта окуя болгон учурда эки аялдын үйдө болгондугу, бирөөнүн сак саламат экендиги, экинчисин — улгайган кемпирди куткаруучулар урандылардын алдынан издеп жатканы айтылган.

ӨКМден 2017-жылы февраль айында азыркы жерден 600 метр аралыкта дал ушундай окуя болгондугун билдиришкен.