Мукашев Кыялбек Белекович — өмүр баяны

Кыялбек Мукашев 1972-жылдын 18-апрелинде Ыссык-Көл облусунун Тоң районунда туулган.
Sputnik

Билими:

  • 1994 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "экономикалык жана социалдык пландаштыруу" адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

  • 1995-1997 — КР Экономика министрлигинин Экономика илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер;
  • 1997-2000 — Финансы министрлигинде бюджеттик саясатты жана чыгашаларды талдоо бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2000-2002 — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты жана чыгашаларды талдоо бөлүмүндө башкы адис;
  • 2002-2004 — Финансы министрлигинин Бюджет департаментинин бюджеттик саясат бөлүмүнүн орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2004-2006 — Финансы министрлигинин Социалдык секторду бюджеттөө департаментинде башкармалыктын башчысы;
  • 2006-2007 — Экономика жана финансы министрлигинде башкармалыктын башчысы;
  • 2007-2009 — Финансы министрлиги, башкармалыктын башчысы;
  • 2009 — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2009-2011 — Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • 2011-2012 — Калкты социалдык коргоо министринин орун басары;
  • 2012-2013 — Социалдык өнүктүрүү министрлигинде министрдин милдетин аткаруучу, министрдин орун басары;
  • 2013-2020 — Финансы министрлиги, Чыгымдарды пландаштыруу департаментинде башкармалыктын башчысы;
  • 2020-жылдын октябрь айынан тарта финансы министри.

Мамлекеттик кызматтын 1-даражадагы кеңешчиси.