51 жаштагы аялдын дене түзүлүшү интернет колдонуучуларын суктандырды. Сүрөт

Хелена Кристенсендин акыркы жүктөгөн сүрөтүнүн алдына социалдык тармак колдонуучулары жылуу пикирлерин калтырып, анын сымбаттуулугун баалашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Даниялык супермодель Хелена Кристенсендин Instagram баракчасына жүктөгөн купальникчен сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын дагы бир ирет суктандырды.

РИА Новости билдиргендей, супермодель 51 жашта. Интернет колдонуучулары анын акыркы жүктөгөн сүрөтүн көрүп дене түзүлүшү менен сырткы келбетине баа беришкен.

Ошондой эле сүрөттүн алдына "Дүйнөдөгү менин сүйүктүү моделим", "Ушунчалык идеалдуусуз", "Өзүңүз да, дене түзүлүшүңүз да сулуу, суктанарлык", "Адаттагыдай ажарлуусуз", "Абдан сулуусуз" деп жазышкан.

Хелена Кристенсен модель чөйрөсүнө 9 жашында келген. 18 жашында Даниянын сулуусу аталып, андан кийин өлкө атынан "Аалам сулуусу" сынагына катышкан. Ал бир гана модель эмес фотографтык өнөрү дагы бар.

Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды

Өзүнүн курагынан алда канча жаш көрүнгөн аялдар, моделдер дүйнөдө көп. Алсак, Тайвань сулуусу жана ырчы Чен Мэйфенди эч ким 63 жашта деп ойлобойт.