БШК мүчөсү жетекчиликке карата кылмыш ишин козгоону талап кылмакчы

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү президенттин милдетин аткаруучуга кайрылып, БШКнын курамын жаңыртууну өтүнөрүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова БШКнын жетекчилигине иш козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылууну пландап  жатат.

Билдирүүсүн Абдрахматова Facebook баракчасына жарыялаган. Sputnik Кыргызстан айрым жерлерин тактап көрдү. Абдрахматова 6-7-октябрь күндөрү эле БШК толук курамы менен отставкага кетиши керек деп айтканын эске салды.

“Азыркы курам шайлоо процессиндеги мыйзам бузуунун өзөгү болуп, элдин ишеничинен кетти. Башкы прокурорго да жазылып, шайлоодогу мыйзам бузулган учурлар боюнча жетекчиликке карата иш козгоо зарылдыгын айтам”, — деди Абдрахматова.

Ал “Прокуратуранын айрым конституциялык укуктары тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна таянууда. Анда башкы прокурор БШК төрагасына иш козгоого укуктуу экени айтылган.

Өкмөт чек аралаш Баткен облусуна жаңы жетекчи дайындады

“Президенттик квота менен келген БШКнын төрт мүчөсүн кайра чакыртып алуу өтүнүчү менен президенттин милдетин аткаруучуга кайрылайын деп турам. Алардын ордуна жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн сунуштайм. Ошондо мени кошкондо БШКнын курамындагы беш киши алмашат”, — деди Абдрахматова.

Ал 16-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын, эми анын отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керектигин кошумчалады.

Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрда митингге чыккан. Ак үйгө чабуул жасалып, эл менен милиция кагылыша кеткен. Мындан миңдей киши жаракат алып, бир адам көз жумган. Түндө митингчилер Ак үйдү басып алып, Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров баштаган саясатчыларды абактан бошотуп чыгышкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал эми кечинде депутаттардын бир тобу Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке колдоп беришкен.

7-октябрда басып алуулар күчөп, митингдер уланган. Акцияга чыккандардын бир бөлүгү Жапаровду колдосо, экинчи бөлүгү люстрацияны талап кылышкан.

8-октябрь күнү айрым депутаттар ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо процедурасын баштаганы айтылган.

9-октябрда төрт партия биригип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөткөн. Анын тарапкерлери Атамбаевди колдоп чыккандарга кошулуп, “Ала-Тоо” аянтына басып келишкен. Көп өтпөй криминалга каршы митинг өткөрүп жаткандар да кошулган. Бирок бул митингчилер менен эски аянтта Садыр Жапаровду колдоп турган топтун ортосунда кагылышуу чыгып, Атамбаевдин машинасына ок атылган. Кийинки күнү Атамбаевдер кармалган.

10-октябрда айрым депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитип беришкен. Бирок айрым эл өкүлдөрү жыйында кворум болбогонун, мындан улам бардык чечимдер легитимсиз экенин айтып чыгышкан. Дал ушул себеп менен президент да токтомду артка кайтарган.

Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду

13-октябрь күнү депутаттар Канат Исаевди ЖК төрагалыгына шайлашкан. Эртеси кайра чогулуп, өкмөттүн структурасы, курамы жана программасы бекитилген. Ошол эле күнү Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ушундан кийин Жээнбеков менен Жапаров президенттин отставкасын талкуулай баштаган.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын жар салып, эртеси парламент аны кабыл алды. Президенттин милдетин аткаруудан Канат Исаев баш тарткандан кийин бул кызмат премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.