БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
- Бишкек шаары – 5;
- Ош шаары – 1;
- Баткен облусу – 6;
- Талас облусу – 1;
- Жалал-Абад облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 3.
Ошол эле учурда стационардан алты, үй карантининен 11 медкызматкер айыккан.
Кечээкиден 39 кишиге көп. Бир суткада 470 адамдан коронавирус табылды
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 529 учур катталды, алардын ичинен 3 145 ак халатчан ооруну жеңген.