Вице-премьер Новиков ишин бизнестин өкүлдөрүнө жолугуудан баштады

Новиков коомдук-саясий абал турукташканын эскертип, бардык тармактар толук кандуу иштөө режимине өтө аларын кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, бизнестин коопсуздугу жана кепилдиги камсыздаларын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Новиков тоо-кен тармагында болгон окуяларга жол берилбеши керектигин белгилеген. Мындан улам ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине, Экотехинспекцияга жана Салык кызматына ал жерде келтирилген зыянды баалап, аталган ишканаларды колдоо боюнча мүмкүн болгон чараларды карап чыгууну тапшырганын айтып өттү.

"Биз өлкөдөгү бизнести колдоо үчүн максималдуу күч-аракетибизди жумшайбыз. Өзгөчө абал режими алынды. Коомдук-саясий абал турукташты. Бардык тармактар толук кандуу иштөө режимине өтө алат", — деди Новиков.

Ошондой эле ал жакында Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш өтө турганын эскерткен.