Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады

Депутат Өмүрбек Текебаев эки шайлоону бир күндө өткөрүү каражатты гана үнөмдөп калбастан, саясий стабилдүүлүктү тез орнотууга шарт түзөрүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кайрадан мандатка ээ болгон депутат Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоолорду 60 күндүн ичинде өткөрүү керек. Мен экөөнү бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет. Мында биз акча каражатын гана үнөмдөп калбастан, саясий стабилдүүлүктү да тез орнотууга жетишебиз", — деди Текебаев.

Бүгүн парламент президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.