Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн алгачкы жарлыгына кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат", — деп айтылат маалыматта.

Сооронбай Жээнбеков аткарылбай калган кыялын айтты

Аталган жарлык кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, бул Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыгы.