Жээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 16-октябрда тарыхый окуя болду. Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетти. Ал соңку кайрылуусунда өлкөнүн биримдигин сактоого бар күчүн жумшаганын айтып өттү. 
Sputnik

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен. Анда ал шайлоочулардын 54,76 пайыз добушуна ээ болгон.

"Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым", — деп түшүндүрдү отставкасын Жээнбеков.

Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео

Мыйзамга ылайык, президенттин укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү керек, бирок Канат Исаев андан баш тартты.

"Учурдагы коомдук саясий кырдаалды эске алып жана КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын ыйгарым укуктары аяктоо алдында тургандыгына байланыштуу президенттин милдетин аткаруу укугунан баш тартам", — деди Исаев. 

Натыйжада президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткармай болду.

Жапаров мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына миң мертебе ыраазы болуу керектигин айтты.

"Кудайга тобо, мародерчулукка жана басып алууларга жеткирбей, мамлекетте үчүнчү жолу төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай, ушундай тынчтык, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына биз миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана тышкы саясатты мурдагыдай улантууга бардык күч аракетимди жумшайм", — деди Жапаров.

Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жапаровго эми ал президенттик шайлоого катыша албастыгын эскертти. 

"Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдети - таза жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүү. Мамлекет башчысынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүүлүк үчүн. Анткени эч ким өз макамынан ашыкча пайдаланбасын деген чек Конституцияда так ушинтип белгиленген", — деп кайрылды Текебаев.

Мындан сырткары, ал президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады.

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

Президентти кызматтан кетирген элдик толкундоо

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Акцияга оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр менен биргеликте 10 миңге жакын киши чогулган. Кечинде митингчилер Ак үй тарапка агылып, милиция кызматкерлери менен кагылышкан. Мунун кесепетинен бир адам каза болуп, эки тараптан тең миңге чукул жаран жабыркады. Алты саатка созулган тирешүүдөн кийин күч түзүмдөрү артка чегинип, эл Ак үйдү басып алган.

Андан соң абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков жана башка саясатчылар менен катар Садыр Жапаровду да бошотушкан.

9-октябрда Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуулук орноп, укуктук талаага кайткандан кийин отставкага кете турганын билдирди.

Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы

Эртеси абактан чыгып кеткен Атамбаев жана башка бир нече аткаминерлер кайрадан кармалды. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайтпай, ушул тапта алардын кайда экени белгисиз.

Ал ортодо өкмөт үйүнүн алдында жүздөгөн адамдардын митинги токтоосуз өтүп жатты. Алар Жапаровго эки тизгин, бир чылбырды берүүнү талап кылып турушту.

Ал эми Садыр Жапаров жаңы өкмөттү курап келип, 14-октябрда ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалды. Ошол эле күнү Жапаров президент элдин талабын аткарып тез арада отставкага кетиши керектигин айтып чыкты. Бирок Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп анан кызматын тапшырарын билдирип жаткан.

Деген менен эртеси, 15-октябрда, мамлекет башчы отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жар салды.