Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

Sputnik

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда алты жылдык мөөнөткө шайланган болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолор отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ошентип ал Кыргызстанды үч жыл гана башкарып, 61 жашында тактысын тапшырды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентти узатуу иш-чарасы өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

1 / 12
Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров
2 / 12
Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды
3 / 12
Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти
4 / 12
Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
5 / 12
Мыйзам боюнча, бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
6 / 12
Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
7 / 12
Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
8 / 12
Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат
9 / 12
Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады
10 / 12
Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти
11 / 12
Иш-чарага катышкан ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты
12 / 12
Үч жыл, сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты