"Акыркы жыйырма жыл аралыгында дайым өз кадыр-баркыбыз менен иш алпардык. Бирок Батышта тышкы саясатка жооп берген адамдар өз ара сый сакталган сүйлөшүүнүн зарылдыгын түшүнбөй жатышат. Балким биз кайсы бир убакытка чейин алар менен сүйлөшүүнү токтотууга тийишпиз. Еврокомиссиянын төрагасы Урсул фон дер Ляйен азыркы россиялык бийлик менен геосаясий өнөктөштүк ишке ашпай жатканын билдирүүдө. Эгер алар ушуну кааласа, дал ошондой болсун", – деди С.Лавров. РФтин тышкы иштер министринин бул билдирүүсүнүн тегерегиндеги Петр Акоповдун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.
Урсул фон дер Ляйендин жакындагы эле "Россия азыркы жетекчилиги менен Европа биримдигинин геосаясий өнөктөшү макамын калыптандыра алат деген куру кыялдан арылган оң" дегенин ал "Еврокомиссиянын расмий өкүлүнүн өз оозунан чыккан өтө олуттуу билдирүү" деп атады.
Лавров ЕБдин Россияга киргизген санкцияларына АКШнын катыштыгын айтты
Европага Россиянын жетекчилиги, болгондо да европалыктардын көз карашы боюнча натуура ички саясатты жүргүзгөнү ("Навальныйды ууландырганы"), Европанын ички саясатына кийлигишкени ("бундестагдын серверин талкалаганы"), анан да дегеле ойрондотуучу маанайда экени менен жакпайт. Башкача айтканда, Европа өзү мамлекеттик кызыкчылыктарды жана мамлекеттер аралык мамилелерди россиялык бийликке койгон дооматтарга алмаштырып, жеке асылууга өтүүдө. Анан калса, ошол дооматтары Европанын өзүн Россиядан артык санаганын айгинелеп турат.
Сый жана теңата сүйлөшкүңөр келбесе, анда дегеле баарлашпай коелу деген тейде Сергей Лавров "Валдай" клубунун докладынын бет ачарында айтып, кийин үч россиялык радиостанцияга, анын ичинде "Спутник" радиосуна берген маегинде ушул оюн улаган.
Журналисттер ал билдирүүсүн "Кандайча сүйлөшпөй калабыз?" деп такташканында Лавров: "Кеп жогортон да эмес, теңине албай караган Евробиримдик менен деги эле бизнес болуп-болбогонунда. Бул биримдик өз оюнда биз кетирген "күнөөлөрдүн" баарына жооп берүүнү талап кылууда... Менимче, биз аларга отчет берүүгө тийиш эмеспиз", – деп жооп кайтарды.
Ошону менен бирге эле мында сөз экономикалык мамилелерде эмес, алардын бузуларына Лавров ишенбейт. Кеп жеке эле россиялык-европалык гана эмес, жалпы эл аралык иштерге, анын ичинде маанилүү кризистик жерлерге тиешелүү саясий диалогдо.
Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз
Андай диалогду Россия, албетте, айрым европалык өлкөлөр менен сактап калат, бирок Европа биримдиги менен аны жүргүзүүдөн баш тартышы ыктымал. "Евробиримдиктин геосаясий өнөктөшү болууга жарай элексиңер дегендей ойдо болуп жатышпайбы. Чуркап, кемсинүү бизге туура келбейт. Менимче, Батыш бизге эмне дейт экен деп улам кылчактап туруунун кереги жок", – дейт Лавров.
Россия дүйнөлүк аренада гана тургай, андан алда канча маанилүүсү – өз үйүндө да суверенитетин толук калыптандыра алды. Өлкөдө тартипти жана бийликтин вертикалын орнотууда гана эмес, кеп – дүйнөгө, анын ичинде геосаясий көз карашынын өз алдынчалыгын кайтара алганында. Лавровдун айтымында, өлкөнүн тышкы саясатын тескеген адамдар улуттук кызыкчылыктарга гана эмес, акыл калчап, аларды тарых жана салт-санаа, баалуулуктар жана тажрыйбага таянуу менен өз алдынча түзөт. Дал ушул нерсе – улуу державанын эле түгүл, өз алдынча өлкөнүн негизги белгиси.
Ал эми "Россия катуу кетпей, өз кызыкчылыктарын начар аныктоодо" дегендей айыптарга Лавров: "Биздин позиция баары бир эл аралык укуктун алкагында калууга тийиш" – деп жооп берди.
Дүйнө башынан өткөрүп жаткан терең трансформация, күчтөрдүн глобалдык балансынын кайра бөлүштүрүлүшү "демократиялуураак, көп полярдуу дүйнөнүн түзүлүшүнүн объективдүү процесси" болуп саналарын белгиледи РФтин тышкы иштер министри. Анын пикиринде, бул бүтүндөй доорго, тагыраак, далай он жылдыктарга созулат. Бирок дал ушул маалда авантюра кылып башкаларга өз эркин таңуулоого тырышпай, татаал, көп деңгээлдеги оюнду жүргүзүү маанилүү.
"Бизди тайсалдатууга, Россия Федерациясын бардык жана ойго келген бардык чөйрөдө ыплас атаандаштык, мыйзамга сыйбаган санкциялар жана ошого окшогон кадамдар менен эле эмес, чек араларыбыздын айланасындагы кырдаалдагы тең салмактуулукту бузуп, жаратмандык иштерге басым жасообузга мүмкүндүк бербеген аракеттери алардын ниетин ачык көрсөтүп турат.
Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады
Сергей Лавровду да, Владимир Путинди да геосаясий чабал оюнчулар деп да, реалдуулуктан тайган кыялкечтер, тактикалык айлакерлер деп атоого болбойт. Алар Россияга дүйнөдөгү ордун кайтара турган тышкы саясий ишти өжөрлүк менен жүргүзүп келишет. Россиянын эл аралык аренадагы азыркы салмагы бир кыйла өстү, анткен менен бул Лавровдун да, Путиндин да башын айландыра алган жок.
Баары өз мүмкүнчүлүктөрүн даана баалай билүүдөн башталат. Өз кадыр-баркыңды сезе билүү өзүңдү жана өз күчүңдү туюп, сага чейинкилер басып өткөн жолду эстен чыгарбай, тагдыр койгон максатты көздөөгө негизделген. Бул адамдарга да, державаларга да тиешелүү.