БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 431 кишиден коронавирус табылып, 203 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 70;
- Ош – 44;
- Чүй облусу – 34;
- Ош облусу – 147;
- Талас облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 65;
- Баткен облусу – 52.
Айыккандар:
- Бишкек – 32;
- Ош шаары – 14;
- Чүй облусу – 20;
- Ош облусу – 45;
- Талас облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 6;
- Жалал-Абад облусу – 58;
- Баткен облусу – 32.
Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.
Азыркы тапта 2 202 бейтап стационарларда, 1 951 киши амбулатордук шартта дарыланып жатышат.
Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош шаарында – 4;
- Ош облусунда – 5;
- Баткен облусунда – 6;
- Жалал-Абад облусунда – 4.
Ошол эле учурда 15 медиктин коронавирустан айыгып чыкканы айтылды.