Радио

Карабаев: кандын стратегиялык запасын кыска мөөнөттө толтуруу керек

Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев кан берүүдө донор болууга мүмкүнчүлүгү бар кыргызстандыктарды кызматташууга чакырды.
Sputnik
Карабаев: кандын стратегиялык запасын кыска мөөнөттө толтуруу керек

COVID-19дун биринчи толкуну учурунда кандын стратегиялык запасынан алып колдонууга мажбур болдук. Анткени вирус жугуштуу болгондуктан донорлор дээрлик жок болуп калды. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

Анын айтымында, донор болуунун өзүнүн шарттары бар.

"Жай мезгилинде республикада коронавирус кескин курчуп кеткенде донорлор дээрлик кан тапшырбай калышты. Мунун кесепетинен керектүү учурда колдонуп жатып, кандын стратегиялык запасына чейин кирип кеттик. Эми аны кайра толуктоо маселеси курч турат. Адистер коронавирустун экинчи толкунунун күчөгөн убагы ноябрдын аягы деп жатышат, биз ошого чейин запасты толуктап коюшубуз зарыл. Андыктан донор болууну каалаган бардык жарандарыбызга эшигибиз ачык. Алынган кандан жасалган плазмаларды сактоо үчүн көлөмдүү муздаткычтарыбыз бар, мында көйгөй жаралбайт", — деди Карабаев.

Дарыгер донор болууну каалагандардын салмагы 55 килограммдан жогору, өнөкөт оорулардан алыс болушу шарт экендигин кошумчалады.