БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik.Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев тастыктады.
Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Элдик толкундоолордон кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев иштен кеткен. Андан бери бул кызмат бош турган болчу.
Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме
Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри, 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эми быйылкы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясын жетектеп катышкан.