Индира Куралбекова парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду

Буга чейинки жетекчи Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Индира Куралбекова дайындалды. Аталган кабарды Sputnik Кыргызстанга өзү тастыктады.

Тиешелүү буйрукка ЖКнын төрагасы Канат Исаев бүгүн кол койгон.

Парламенттин маалымат кызматынын буга чейинки жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырган.