Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди

Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон кайрадан өлкө башчылыкка келген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Бул күнү өлкө парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын артка калтырып, кайрадан өлкө башчылыкка келген.